Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты

Кыска кабар | 10 Янв 2020 | 1696 | 4

Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен облусунун Жака-Өрүк айылындагы кырдаал боюнча маалымат берди.

10-январга караган түнү саат 00:40та белгисиз адамдар Баткен шаарына бара жаткан Кыргызстандын жаранына таандык унааны таш менен ургулашкан. Андан кийин алар Тажикстандын аймагына кире качышкан.

Кыргызстандын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча унаанын ичиндеги Кыргызстандын жарандарынын арасында жаракат алгандар бар. Унаанын арткы жана капталдагы айнектери талкаланган.

Болжол менен бир сааттан кийин Баткенден Көк-Ташка кетип бара жаткан Кыргызстандын башка жаранынын унаасын тажикстандыктар Көчө-Карын жергесинде таш менен ургулашкан. Натыйжада, унаанын маңдайкы айнеги талкаланган.

Болжол менен түнкү саат 02.40та Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүнө таш жаадырышкан. Ал жерге укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге бараткан чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окко кабылышкан. Ок атуулар тажик тараптан гана чыгып, маал-маалы менен кайталанган.

Баткен облусунда жайгашкан чек ара тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

4 пикир

4 пикир

  1. Бекмырза

    10.01.2020 09:51

    Биздин бийлик алсыздыгын корсотуп жатса.
    Тажиктер ататта.

  2. Эмил

    10.01.2020 17:11

    Качан биздин атка минерлер министрлер ажобуз чек ара маселесин чечип беришет же чиновниктерге министрлерге силерге барибирби качан карапайым элди ойлойсуңар анда тажиктерге согуш ачалы колуңардан келбесе ачыгын айтканда Атамбаевдин убагында мындай маселе болчу эмес эчак чечип коймок эртерек чечкиле

  3. Муслим

    10.01.2020 21:15

    Бийликтегилер сен мага тийбе мен сага тийбейм деген сөз# мээлерине куйулуп таш болуп катып калгандай сезилет өздөрүнүн кызыкчылыгын бизнесин коргоп креслодо олтурушат…..

  4. Күч бирдикте.

    11.01.2020 10:51

    Качан гана Кыргызыстандагы чоңдор таджиктерге ойноштугун() токтотсо чек ара маселеси токтойт. Ага чейин ит үрө берет керебен жүрө берет.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM