Биз менен байланышыңыз

Талас алтын кен өндүрүүчү фабрикасында өндүрүштү жөнгө салуу башталды

Кыска кабар | 9 Янв 2020 | 368 | 0

Талас алтын кен комбинатынын алтын өндүрүүчү фабрикасында өндүрүштү жөнгө салуу иштери башталды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Башкы жалданма компания AAEngineering Group курулуш-монтаждоо иштеринин негизги көлөмүн, анын ичинде башкы конструкцияларды тургузуу,  негизги технологиялык жабдууларды орнотуу жана түтүктөрдү монтаждоону аяктаган. Калдык сактоочу жайдын, баштапкы кен кампасы менен аянттар аралык жолдун жана башка инфраструктуралык объекттердин курулушу толук бүткөн.

Мында кен казуу иштери күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Учурда кампада тоннасына орточо 1,2 грамм алтын камтылган 8,1 тонна кен топтолду.

«Жерүйдүн» өндүрүш тилкесинде 90% Кыргызстандын жарандарынан турган жалданма уюмдун жумушчуларын кошкондо 760 киши иштеп жатат. «Альянс Алтын» жоопкерчилиги чектелген коому жергиликтүү элдин Талас облусунун тургундарынын арасынан сынактын негизинде тандалгандарды даярдоо жана аларды кесиптик жактан окутууну улантууда. Келечекте кенде иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон 380 адам даярдоодон өттү.

Кен иштетилип баштагандан бери Кыргызстандын бюджетине салык төлөмдөрүнүн түшүүсү көбөйүүдө. 2020-жылы салыктык чегерүүлөрдүн суммасы дээрлик 2 миллиард сомду түзөт. 2015-жылдан 2020-жылдын 1-январына чейин ишкана 611 млн 912 миң 278 сом өлчөмүндө салык төлөдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM