Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров жатак абагына чыгарылбайт

Кыска кабар | 8 Янв 2020 | 455 | 0

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясатчы Садыр Жапаров жатак абагына чыгарылбайт. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү же оор кылмышты уюштуруу боюнча соттолгон жарандар жатак абагына которулбайт жана аларга карата шарттуу түрдө чечим чыгарылбайт.

«Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү колониясынын жетекчисине эки жолу кат менен кайрылып, «Садыр Жапаров 6-февралда жатак абагына которулат» деп расмий жооп алышкандыгы боюнча социалдык тармактарда жарыяланган кагаз туура. Ал чындыгында эле №1 түзөтүү колониясынан берилген. Бирок аны даярдоодо жана берүүдө жогорудагы мыйзам эске алынган эмес. Учурда аталган факт боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жатат, күнөөлүүлөр аныкталгандан кийин тиешелүү жазага тартылышат», — деп айтылат Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматында.

Ал эми бул боюнча Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов жатак абагына которулушу керек экендигин айтып, төмөнкүлөрдү билдирди:

«ЖАМК айтып жаткан өнөкөт кылмыш, башкача айтканда мурдагы Кылмыш-жаза Кодексинин 16-беренеси жаңы мыйзам күчүнө киргендигине байланыштуу жокко чыгарылган. Садыр Жапаровдун кылмышы мурда өзгөчө оор кылмыштарга кирген болсо, жаңы мыйзам күчүнө киргенден кийин ал оор кылмыштарга кирип калды. Жазык Кодексинин 12-статьясынын талабына ылайык, соттолгон адамга, абакта отургандарга кайсыл мыйзам жеңилдик алып келсе, ошол мыйзам колдонулат. «Кайсыл мыйзам алардын абалын оорлоштура турган болсо, ал мыйзам колдонулбайт» деп көрсөтүлгөн.

Эски мыйзам боюнча оор кылмышты жасаган адамдар жаза мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгүн өтөгөн болсо жатак абагына, ал эми экиден бир бөлүгүн өтөсө, мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулууга жатат деп көрсөтүлгөн. 2020-жылдын 5-февралында Садыр Жапаров жаза мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгүн өтөп бүтөт»- деди Шарабидин Токтосунов.

Ошондой эле, Токтосунов Садыр Жапаровдун күнөөсү тергөө жана сот тарабынан далилденбегенин айтып, жабырлануучу деп табылган Ысык-Көл облусунун ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаев анын акталышын талап кылып жатканын кошумчалады.

«2014-жылдын 27-январындагы мунапыс да Садыр Жапаровго колдонулуп, анын жаза мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгү кыскартылышы керек. Ал да бүгүнкү күндө колдонулбай жатат. Ал колдонулган болсо, Жапаров мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулушу керек. Садыр Жапаровдун иши жаңы ачылган жагдайлар менен каралып, ал акталышы керек. Эгер мыйзам ченеминде иш алып барышса, ушундай жыйынтык болмок»- деп кошумчалады  Токтосунов.

Эскерте кетели, Садыр Жапаров 2017-жылы 25-мартта чет өлкөдөн «Ак-Жол» чек ара бекетинен Кыргызстанга кирери менен УКМК тарабынан кармалган.

Экс-депутат «2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган» деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

Жапаров өткөн жылдын октябрь айында президент Сооронбай Жээнбековго ырайым сурап кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM