Биз менен байланышыңыз

Эрлан Смайыл уулу: Быйыл Өзбекстандагы 52 кыргыз айылга китеп жеткиребиз

Билим-маданият , Коом | 7 Янв 2020 | 1431 | 0

“Бир адамдан бир китеп” долбоорунун кош- негиздөөчүсү Эрлан Смайыл уулу 2020-жылга пландары тууралуу айтып берди.

«Кыргызстан китеп окугандардын өлкөсүнө айланчу күн алыс эмес!» деген ураан менен «Бир адамдан бир китеп» долбоору өлкө боюнча ишке ашып келет. Учурда  ыктыярчылардын саны эки жүздөн ашат. 152 айылга 112 миң китеп жеткирилип, китептин орточо баасы 28 млн 500 сомду түзгөн. Долбоор 2019-жылдын 5-январында Ак-Талаа районунда биринчи болуп башталган. Долбоорду жаш активисттер Бакай Акылбеков жана Эрлан Смайыл уулу түзүп, аны жүзөгө ашыруунун усулун жана жалпы жобосун иштеп чыгышкан. 

Марал: — Саламатсызбы? 1 жыл аралыгында долбоордун алкагында кандай иштерди аткарууга жетиштиңиздер?  

Эрлан Смайыл уулу: — Быйыл биз үчүн ийгиликтүү жылдардан болду деп ойлойм. Анткени 152 айылга китеп жеткире алдык. 112 миң китеп жеткирилди, орточо баа менен эсептеп чыкканда 28 млн 500 сом каражатты түздү.  Ошондой эле, 2019-жылы ноябрь айында облус боюнча фестиваль жогорку деңгээлде өттү. Долбоорду баштаганда негизги максаттарды койгонбуз, ошол максаттар аткарылып келе жатат. Мисалы: мекенибизде китеп окууну даңазалоо, руханий, интеллектуалдык потенциалды жогорулатуу, ошондой эле шаар, регион, алыскы айылдарда китеп жетишсиздиги жана китепкана көйгөйлөрүн чечүү. Долбоордун соңунда жыл жыйынтыгы чыгарып, ыктыярчыларга ыраазычык кат тапшырдык. Себеби долбоордун артында, көптөгөн жаштардын салымы чоң. Ошодой эле бир катар наамдарды белгилеп алдык.
🏅Эң мыкты китепкана;
🏅Эң көп китептер;
🏅Эң алдыңкы окурман айыл;
🏅Мыкты уюштуруучулар

Өлкө боюнча мыктылар  тандалып алынып, сыйлыктар тапшырылат.

Марал: -Жаштар талап кылган китептер кайсылар? Талаптарын аткарууда кандай аракетерди көрүп жатасыздар?  

Эрлан Смайыл уулу: — Көбүнчө ийгиликтүү инсандардын өмүр баяны жана жашоого шыктандырган китептерге талап күч. Кыргыз тилиндеги китептер гана эмес, орус жана англис тилинде да китептер бар. Мүмкүн болушунча эң окумдуу китептерди жеткирүүгө аракет кылабыз.  Акыркы жылдары жаштар гана эмес, орто жаш курактагы жарандар да кызыгып, окуп жатышат. Жалпысынан ар бир облуста уюштурган иш-чараларыбыз жогорку деңгээлде өтүп жатат.

Марал: — 2020-жылда аткарылчу пландарыңыз менен бөлүшүп кетсеңиз?

Эрлан Смайыл уулу: — Быйыл өзгөчө университеттердин жатаканаларына жана аскер армиянын китепканаларына китеп жеткирүүнү пландап жатабыз. Былтыр  Улуттук Гвардиянын 10127-аскер бөлүгүндөгү китеп окуу бөлмөсүнө дагы китептер жеткирилген. Ошону менен катар,  Өзбекстанда 52 кыргыз айылдарын аныктап алдык, ошол айылдарга китеп чогулта баштадык. Учурда миңге жакын китеп чогулуп калды. Буюрса,  быйыл бардык айылдарына жеткирүүгө аракет кылабыз. Ошондой эле өзгөчө пландарыбыз бар, азырынча сыр болуп турсун.

Марал: — Учурда эс алуу күндөргө карабастан Нарында да иш –чара өткөрдүңүздөр, ал эми башка облустарда эмне жаңылык? 

Эрлан Смайыл уулу: — Ар бир облуста  «Китеп Time», «Бир жумага бир китеп» жана “Интернетсиз бир күн” өңдүү иш-чаралар уюштурулуп жатат. Учурда айылдарда эс алууда окуучулар убактысын китеп менен өткөрсө жакшы болот. Себеби, окуучулар 15 күн эс алууга чыгышат, эс алганга да, китеп окуганга да жетишет деп ойлойм.

Марал: -Чоң рахмат.

Copyright © 2017 Maral FM