Биз менен байланышыңыз

Депутат Маматалиев ишине так Бекзатты Германияга акысыз окууга жөнөтөт

Кыска кабар | 3 Янв 2020 | 2001 | 0

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Марлен Маматалиев Москвада пицца ташып иштеп жүрүп, орус блогери аркылуу элге таанылган эмгек мигранты Бекзат Жолдубай уулун Германияга сынаксыз жана бекер окууга жөнөтө турганын билдирди:

-Бекзат сырт жактагы миднгеген мигранттарыбыздын бири. Албетте, жаштардын баары билим алса деген ойдомун. Бүгүн Бекзат Жолдубай уулунун үнү Кудайга жетиптир. Алланын буйругу менен Нурсултан экөөбүз кеңешип, Бекзат инибизди өзү кыялдангандай чет өлкөгө окууга конкурссуз жөнөтүүнү чечтик. Бекзаттын ата-энесине ушундай баланы тарбиялап өстүргөнүнө терең ыраазычылык билдирем! Бул албетте, көптөгөн мигранттарыбыздын бирөөсүнүн окуясы, колдон келишинче баарына жардам берсек жакшы болот эле. Азыркы кыйын кырдаалга байланыштуу биздин жарандарыбыздын көпчүлүгү чет өлкөлөрдө иштегенге аргасыз болууда. Бул убактылуу көрүнүш демекчимин, анткени келечекте Бекзатка окшогон жаштарыбыз чет өлкөлөрдөн билим алып келип, Кыргызстаныбызды өнүктүрөрүнө ишенем.
Келечекте Кыргызстандан миллион мигрант эмес, миллион турист чет өлкөгө чыксын деген тилектемин.

Эл өкүлү  өз FACEBOOK баракчасына  «Perspective» окуу борборунун негиздөөчүсү Нурсултан Кубанов менен кеңешип, Бекзат Жолдубай уулун чет өлкөгө окууга жиберүүнү чечишкенин жарыялады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM