Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан 2020-жылы сөзсүз кыдыруу сунушталган өлкөлөрдүн катарына кирди

Кыска кабар | 3 Янв 2020 | 1433 | 0

Американын CNN Travel телеканалы туристтер 2020-жылы сөзсүз кыдыра турчу дүйнөдөгү 20 жерди тизмектеген. Рейтингде Кыргызстан дагы бар.

«Ысык-Көлдүн каньондорду Американыкынан кем калбайт. Ак карлуу бийик тоолорун Альп тоолоруна теңесе болот. Кышкысын Караколдо лыжа тепкен жакшы. Жайында болсо Тянь-Шань тоолорунда ат минип, жөө басуу өзүнчө ырахат», — деп жазылган.

Быйыл  сөзсүз кыдыра турчу аймактардын катарына Чилидеги Конгуиллио улуттук паркы жана Монте-Верде археологиялык эстелиги да кирген.

Телеканал Даниянын борбору Копенгагенди эң бактылуу борбор деп атаган. Рейтингде Израилдеги Иерусалим жана Жансыз деңиз, Доминика чыгыш Кариб аралы, дайвинг боюнча атагы чыккан Эстония да бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM