Борбордук аянттагы балаты 12-13-январь күндөрү алынат. Бул тууралуу мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова «Маралга» билдирди.
Айта кетсек, «Ала-Тоо» аянтындагы башкы балаты кооз ар түрдүү оюнчуктар менен кооздолуп, ага миңден ашуун оюнчук илинип, 300дөн ашуун гирлянда тагылган.
Балатынын бийиктиги 27 метр, диаметри 12 метр. Борбордук аянтты «Тазалык» жана «Бишкекжарыктын» 105 кызматкери кооздогон.