Биз менен байланышыңыз

Президент үч бийлик бутагынын жетекчилери менен жолугушту

Кыска кабар | 31 Дек 2019 | 715 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-декабрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Ушул жылдын негизги жыйынтыктары жана келерки 2020-жылдын артыкчылыктуу багыттары жөнүндө пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, бийликтин мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бутактарынын эриш-аркак иштөөсүнүн натыйжасында өтүп бараткан жылы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө, аймактык өнүктүрүү мамлекеттин саясатын, санариптик трансформация жана соттук-укуктук реформаны жылдырууда сезилерлик натыйжаларга жетишүүгө мүмкүн болгонун баса белгиледи.

Өтүп бараткан жыл ар түрдүү, анын ичинде эл аралык мүнөздөгү иш-чараларга бай болду. Биз биргелешип жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу, экономиканы өнүктүрүү боюнча иштерди улантабыз деп ишенем. 2020-жылы үч бийлик бутагынын ишмердиги Кыргызстандын жарандарына пайда алып келе турчу жаратмандыкка багытталышы керек, — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков үч бийлик бутагынын жетекчилерине бекем ден соолук, кыргызстандыктардын бакубатчылыгын камсыздоого, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Copyright © 2017 Maral FM