Биз менен байланышыңыз

Мыйзам кабыл алынды. Эми Кыргызстандын кийимдери Европага сатыла баштайт

Кыска кабар | 27 Дек 2019 | 4640 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө,” “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 20-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам тигүү жана текстиль өнөр жайындагы киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мыйзамдарын жакшыртуу максатын көздөйт. Ошондой эле, жеңил өнөр жай тармагына шарт түзүүгө багытталат. Бул тууралуу JIA бизнес-ассоциациясынан маалымдашты.

Аталган мыйзам бир катар уюмдардын тобу тарабынан сунушталган.

Мыйзам долбоорунун үстүндө Экономика министрлиги, Социалдык фонду, Салык кызматы, жеңил өнөр жай, DFID, JIA текстиль комитети, Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңеши, Өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңеши, ошондой эле активдүү ишкерлер Алмаз Абдраев, Сүймөнкул Жолдубаев, Амир Закиров өз салымын кошуп, 2 жылдан бери иштеп келген.

Текстиль тармагы Кыргызстандын экспортко багытталган кирешелүү тармактарынын бири болуп эсептелинет. Буга чейин экспортко чыгууда, өзгөчө чет элдик буюртмачылар менен ири келишимдерди түзүүдө кыйынчылыктар болуп келсе, мындан ары Кыргызстанда тигилген текстиль продукцияларын өнүккөн өлкөлөргө (Европа) экспортко чыгарууга жана бул тармакта өлкөгө инвестиция тартууга чоң шарт түзүлөрүн демилгечилер белгилешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM