Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жыл сайын бак-дарак отургузуунун улуттук күнүн белгилөө демилгеленүүдө

Кыска кабар | 23 Дек 2019 | 434 | 0

Бүгүн, 23-декабрда Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында март айынын үчүнчү ишембисин «Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү» деп жарыялоо демилгеленди. Бул боюнча Жогорку Кеңешинин токтом долбоору каралып, жактырылганын Парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Токтом долбоору депутат Айнуру Алтыбаева тарабынан демилгеленди. Долбоор экологиялык жана санитардык абалды жакшыртуу, республикадагы шаарлар менен калктуу конуштардын аймактарын жашылдандыруу, бак-дарак аянттарын көрктөндүрүүнү жана көбөйтүүнү колдоо максатында даярдалган. Ошондой эле атмосфералык абаны булгоочу заттардын концентрациясы көбөйүп жаткандыгы да бул токтом долбоорунун иштелип чыгышына себеп болгон.

Демилгечи депутат айымдын айтымында, бак-дарак отургузуу күнү сыяктуу күндөр Орусияда, Казакстанда, Кытайда жана башка бир катар өлкөлөрдө белгиленип, өз натыйжасын берип келүүдө.

Долбоорго ылайык, ар жылдын март айынын үчүнчү аптасынын ишемби күнүн Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү деп жарыялоо менен облус, район, шаар бийликтери бак-дарак көчөттөрүн отургузуу, аларды асыроо жана сактоо иш-чараларын көрөт.

Комитет тарабынан токтом долбооруна Өкмөт каржы булактарын издеп табуу маселесин карасын деген кошумча киргизилүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM