Биз менен байланышыңыз

Алтыбаева: Кызын зордуктаган аталарды өлүм жазасына тартыш керек

Кыска кабар | 15 Янв 2020 | 869 | 0

Жогорку Кеңеште оор кылмыштарга жана зордуктоого өлүм жазасын киргизүү демилгеленди. Мындай сунушту депутат Айнуру Алтыбаева “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карап жатканда айтты.

Энесиз калган өз кызын зордуктаган атага өтө катаал жаза берүү зарыл, керек болсо өлүм жазасына тартылсын, же өмүр бою кесилсин, — деди депутат.

Ал ошондой эле, аялын өлгөнчө сабап, үй-бүлөсүнүн талаалап кетишине жеткирген эркек киши өтө катаал жаза алышы керектигин кошумчалады. Депутат айым Кыргызстанда спирт ичимдиктери ээн-эркин сатылып жатканын айтып, бул да зомбулуктун чыгышына бир себеп болушу мүмкүн деп белгиледи.

Зордуктоо кылмышына өлүм жазасын киргизүү сунушун депутат Исхак Масалиев да колдоого алды.

Copyright © 2017 Maral FM