Жогорку Кеңеште оор кылмыштарга жана зордуктоого өлүм жазасын киргизүү демилгеленди. Мындай сунушту депутат Айнуру Алтыбаева “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карап жатканда айтты.
— Энесиз калган өз кызын зордуктаган атага өтө катаал жаза берүү зарыл, керек болсо өлүм жазасына тартылсын, же өмүр бою кесилсин, — деди депутат.
Ал ошондой эле, аялын өлгөнчө сабап, үй-бүлөсүнүн талаалап кетишине жеткирген эркек киши өтө катаал жаза алышы керектигин кошумчалады. Депутат айым Кыргызстанда спирт ичимдиктери ээн-эркин сатылып жатканын айтып, бул да зомбулуктун чыгышына бир себеп болушу мүмкүн деп белгиледи.
Зордуктоо кылмышына өлүм жазасын киргизүү сунушун депутат Исхак Масалиев да колдоого алды.