Биз менен байланышыңыз

Алтыбаева: Миграциянын таасири рекетчиликке алып келүүдө

Күн чекит | 31 мая 2019 | 612 | 0

Бүгүнкү күндө өспүрүмдөр арасындагы чыр-чатактар эмнеден улам келип чыгышы мүмкүн? Ата-эне жана мугалимдер тарабынан жетишерлик эле тарбия берилип жатабы? Канткенде мындай үрөйдү учурган иштерге бөгөт кое алабыз? Биз бул теманын алкагында Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева менен түз эфирден маек курганбыз.

— Балдардын ар кандай кылмыштуулукка барганынын түпкү себеби эмнеде? Буга күнөөлүү ата-энеби же мектеппи?

— Биз бул маселеге комплекстүү карашыбыз керек. Анткени, коомдун ичинде үй-бүлө менен мектеп бар. Булар бири-бирине тыгыз байланышта болот. Бир жактуу күнөөлөгөн туура болбой калат. Бирок мен бир нерсени айткым келет. Балдардын негизги тарбиясынын пайдубалы үй-бүлөдөн түптөлөт. Үйүнөн кандай тарбия алса, көчөдөн ошону жасайт. Андайын, албетте, коом жана мектеп.

— Алдын алуу иштери кандай жүрүп жатат? Ким көзөмөлгө алышы керек? Тиешелүү түзүмдөр иштебей жатабы?

— Ар бир жагдайда эң башкысы алдын алуу иштерин кылуу эң маанилүү. Ошол эле ата-эненин тарбиясы, баланын достору, мектеби дегендей. Ар бир үй-бүлөнүн жазылбаган мыйзамдары болот. Ошого көп көңүл бурушубуз керек. Бирөөнү күнөөлөгөндөн алыс болгон дурус. Кээде жакшы баланы чөйрөсү бузуп койгон учурлар болот. Аны мугалим көзөмөлдөшү кажет. Тыныгууда бала ким менен сүйлөшүп жатат, эмнеге кызыгып жатат?.. Мунун баарын психолог болуп калган мугалимдер билет да. Кол шилтеп койгон болбойт. Анан да, колдон келсе, интернеттен оолак кармап, ата-эне, мугалимдердин тарбиясын көбүрөөк берген жакшыраак. Бала кызыктуу, жандуу нерселерди сезип, туя билиши зарыл.

— Өспүрүмдөрдүн тарбиясын, жүрүм-турумун бир калыпка салыш үчүн эмне кылыш керек?

— Бул маселеге бөгөт коюш үчүн миграцияны токтотуш керек. Балдар кароосуз, ата-энелерден оолак өсүп жаткандыктан, ар кандай маселелер жаралууда. Мамлекет тарабынан да бул жагдайлар каралып, чара көрүлүшү кажет. Балдар биздин келечек да, көп нерсеге кол шилтеп койсок, келечек бүдөмүк болуп калат. Тарбиянын башаты үй-бүлө болуп жаткандан кийин, ошол багытка көбүрөөк ыкташыбыз кажет. Калганы өз орду менен кетет.

 

Copyright © 2017 Maral FM