Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Молдова менен инклюзивдик окутуу боюнча тажрыйба алмашат

Кыска кабар | 17 мая 2019 | 552 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева кечээ Молдова Республикасындагы иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн парламентинин депутаттары менен жолугушту.

Бул тууралуу Парламенттин расмий сайты кабарлады.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык алакалардын учурдагы абалы талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелери тууралуу сөз болду.

Депутат Айнуру Алтыбаева Кыргызстан Молдова Республикасы менен болгон ар тараптуу байланыштарды бекемдөөгө кызыкдар экенин белгилеп, парламенттердин тыгыз мамилеси өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, Айнуру Алтыбаева баштаган депутаттар, тиешелүү министрликтердин жана жарандык коомдун өкүлдөрү интернат тибиндеги балдар мекемелерин, социалдык коргоо системасын реформалоо жана инклюзивдик билим берүү ыкмасын өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу максатында Молдова Республикасында иш сапар менен жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM