Биз менен байланышыңыз

Өкмөт өлкөдө ундун наркы эки эсе кымбаттаганын төгүндөйт

Кыска кабар | 28 Окт 2019 | 703 | 0

Кыргыз Өкмөтү өлкөдө ундун баасы кымбаттады деген маалыматты төгүндөйт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүсүндө айтылат.

2018-жылдын 1-октябрында республика боюнча 1-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 23,7 сомду түзгөн. Учурда республика боюнча 1-сорттогу 1 килограмм ундун наркы орто эсеп менен 28,1 сомду түзүүдө. Ошентип, бир жылдын ичинде биринчи сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 18,4% га жогорулады. 2018-жылдын октябрь айында республикада 2-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 17,7 сомду түзгөн. Учурда экинчи сорттогу 1 килограмм ундун наркы орто эсеп менен 20,3 сом. Ошентип, бир жылдын ичинде 2-сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 14,8% га жогорулады. 

Баага карата жүргүзүлгөн анализ «ундун чекене баасы эки эсе жогорулады» деген маалымат чындыкка дал келбешин аныктайт”, — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева ундун наркы эки эсе жогорулаганын айткан.

 

Copyright © 2017 Maral FM