Биз менен байланышыңыз

Өлкө аймагында аба ырайы кескин бузулат

Кыска кабар | 22 Дек 2019 | 601 | 0

23-декабрда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн: -10…..-15….күндүз: -3……-8C;

Таласта түнкүсүн: -12…..-17… күндүз: -3……-8°C;

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн: -4……-9….күндүз: -2…….3°C

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн: -8…..-13….күндүз: -3……..-8°C

Нарында түнкүсүн: -15….-20…..күндүз: -5..……-10°C

23-декабрда Бишкекте кар жаашы күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын табы түнкүсүн  -10 … -12°C, күндүзү  -4 .. -6°C.

22-23-декабрь аралыгында тоолуу райондордогу унаа жолдорунда кар күрткүсү түшүп, жолдор тайгак болору күтүлүүдө. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаа кыймылы татаалдайт.

Мындан улам тоолуу аймактарда, Бишкек — Ош жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 65-115 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл экенин эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM