Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: 21-23-декабрда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 18 Дек 2019 | 568 | 0

21-декабрда күндүз жана 22-23-декабрда Кыргызстандын аймагында туруксуз  аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.  Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

24-26-декабрда абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8° суук, Чүй облусунун түндүгүндө -7…-12° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн  -4…-9° суук,  күндүз 0…5° жылуу, тоо этектеринде  түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10°, Ат-Башы районунда түнкүсүн -24…-29°, күндүз -12…-17°, тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн-25…-30°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Андыктан, тоолуу унаа жолу менен жол жүрүүгө камданып  жаткан айдоочуларга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  төмөнкү чараларды эске алууну сунуштайт:

  • Гидрометереология агенттигинин аба ырайы жөнүндө маалыматын эске алууну;
  • Тоолуу унаа жолдор аркылуу айдап жатканда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону;
  • Унаалардын кышкы даярдыкка өткөрүүнү ( дөңгөлөктөрдү кышкы шинага алмаштыру ж.б.у.с.);
  • Аптечка, чынжырча, күрөкчөнү алып алууну.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.  Катуу жаан  жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып үзүлүү коркунучун алып келет.

Copyright © 2017 Maral FM