Биз менен байланышыңыз

Көк-Ташта тажиктер үйлөрүнө жашынып алып кыргыздарды атып жатышат (видео)

Кыска кабар | 18 Дек 2019 | 614 | 0

Баткендин чек арадагы Көк-Таш айылында тажиктер кыргыздарга карата ок атып жатат. Азыр кыргыздар көчөгө чыкпай, жашырынып отурушат.  Бул тууралуу жергиликтүү тургундар “Маралга” билдирип, фото, видео жиберишти.

Абалды турукташтыруу үчүн эки тараптын күч түзүмдөрү аракеттерди көрүп жаткан чакта тажиктер кыргыз аскерине ок атып, ал жаракат алды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Бүгүн, 18-декабрда эртең мененки саат 09:00дө чыккан чыр эки тараптын жергиликтүү бийлиги, күч органдары тарабынан басылган болчу.

Деген менен 11:30да тажик тарап кыргызстандыктарга таш уруп, чыр баштаган. Ага жооп катары кыргыз жарандары тажиктерге тиешелүү эки унаанын терезесин талкалаган.

20 мүнөт өтпөй тажик тараптан куралдан ок атылып, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер бөлүмүнүн жоокери жаракат алган. Алдын ала маалыматта аңчылык мылтыктан ок атылганы айтылат.

Азыр эки тараптуу сүйлөшүү токтотулган. Учурда тараптар чек арадагы өз элинин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Баткендин кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу максатында Чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчиси, чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев Баткен облусуна учуп кеткени кабарланат.

Copyright © 2017 Maral FM