Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 17-декабрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда:
түнкүсүн: -6…..-11… күндүз: 1…….6°C;
Талас облусунда:
түнкүсүн: -8…..-13….күндүз: -3……2°C;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында:
түнкүсүн: -2……-7….күндүз: 3…….8°C
Ысык-Көл облусунда:
түнкүсүн: -4…..-9….күндүз: -1……..4°C
Нарын облусунда:
түнкүсүн: -14….-19…..күндүз: -3..……-8°C
17-декабрда Бишкекте күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -7……-9°C, күндүзү 3………5°C.