Биз менен байланышыңыз

Президент уранга тыюу салган мыйзамга кол койду

Кыска кабар | 16 Дек 2019 | 1238 | 0

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзамдын максаты калктын ден соолугун, жерлерди, суу объектилерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоого, жарандардын жашоо, эмгектенүү жана эс алуу үчүн жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укуктарын, ошондой эле өлкөдө радиациялык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.

Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 31-октябрында кабыл алынган.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө жана чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерди жүзөгө ашырууга;

2) уран, торий кендери чыккан жерлерди иштетүүгө (уранды, торийди казып алууга);

3) радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды, кен калдыктарын иштетүүгө жана андан ары иштетүү жана кармап-күтүү максатында аларды жеке жактарга берүүгө.

Кыргыз Республикасынын аймагына уран камтылган жана торий камтылган чийки заттарды жана калдыктарды алып келүүгө жол берилбейт.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM