Биз менен байланышыңыз

Бокс: Азат Үсөналиев дүйнө Кубогу мелдешинде чемпион болду

Кыска кабар , Спорт | 14 Дек 2019 | 670 | 0

Кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев бокс боюнча мунай өндүрүүчү мамлекеттердин дүйнө Кубогунда чемпион болду.

Бул тууралуу өлкөнүн Бокс федерациясы сүйүнчүлөдү.

52 кг салмакта күч сынашкан Азат бүгүн мелдештин алтын байгеси үчүн беттеште эквадорлук Луис Дельгадо менен күч сынашып, аны жеңип алды.

Кыргызстандык мушкер кечээ жарым финалда атаандашы дагестандык (Орусия) Расул Жааевди утуп алды. Калыстар жеңишти бир добуш менен Азатка берген. Чейрек финалда өзбекстандык Достон Ходжаевди 5:0 эсебинде уткан. Ал эми 8/1 финалда азербайжандык мушкер Ядигар Алиевди жеңип алган болчу.

Эскерте кетсек, мунай өндүрүүчү мамлекеттердин дүйнө Кубогу мелдеши Орусиянын Белоярск шаарында өттү. Ага 26 мамлекеттин булгаары мээлей чеберлери катышты.

Copyright © 2017 Maral FM