Connect with us

Матраимовдор үч медианын эсебин камакка коюу боюнча арызын кайтарып алышты

Кыска кабар | 13 Дек 2019 | 852 | 0

Матраимовдордун жактоочусу “Азаттык”, “Клооп” жана 24.kg маалымат булактарынын жана журналист Али (Мухаммедали) Токтакуновдун эсебин камакка коюу тууралуу чечимди жокко чыгарууга арыз берген. Бул арыз бүгүн сотто каралат.

Бул тууралуу жактоочулар маалымат каражаттарына билдирген.

Юристтер банктык эсеби камакка алынган ЖМКлар кызматкерлерине маяна төлөй албай калаарын эске алып, мындай кадамга барганын айтышат.

Эскерте кетсек, бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген. «Азаттык» радиосун тейлеген банк 12-декабрда мекеменин эсебиндеги 22,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат камакка коюлганын тастыктады.

Парламенттин айрым депутаттары, укук коргоочулар жана активисттер соттун чукул чечимин кескин сынга алышты.


Депутат Касымалиева медиалардын эсебин тоңдурууну сындады


Copyright © 2017 Maral FM