Биз менен байланышыңыз

Матраимовдун иши — соодалашуу өңдөнгөн саясий чечим

Саясат | 28 Дек 2020 | 870 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов коррупциялык иштерин мойнуна алып, мамлекеттик казынага 2 млрд сом төлөп берүү боюнча тергөө менен келишкен. Учурда ал сумманын 1 млрд 400 млн сому накталай түрдө бюджетке которулду. Ал эми калган акча кыймылсыз мүлк катары бир соода борбору жана тогуз батир мамлекеттин эсебине алынды. Муну менен Матраимов бюджетке келтирген зыян толук өндүрүлдү. Матраимовго байланыштуу алдыдагы иштер кандай жүрүп, кандай чечимдер кабыл алынат?

Райымбек Матраимов УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан быйыл 20-октябрда кармалган. Ага 2016-жылдан бери бажы тармагында коррупциялык схема уюштурган деген айып тагылууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев басма сөз жыйынында Матраимовдун өлкө ичинде жасаган иши тергелип бүткөнүн, материалдары жакында сотко өткөрүлө тургандыгын билдирген.

«Матраимов боюнча иш токтогон жок, мамлекеттин ичинде жасаган кылмыштары боюнча иш тергелип бүттү. Кылмыш иштин материалдары жакында сотко жөнөтүлөт.  Себеби, ал айткан 2 млрд сомду биз алдык. Эми Матраимовго сырт жактан кылган кылмыштары боюнча, Кытай, Өзбекстан, Казакстан, Орусия жана башка мамлекеттерде кылган кылмыштары боюнча жаңыдан кылмыш ишин ачып, тергей баштадык. Анын чет мамлекеттердеги иштери, мүлктөрү иликтене баштады. Матраимовдун Америкадагы, Европадагы, Дубайдагы мүлктөрү иликтенет. Бул иштер иликтенип бүткөнгө чейин ал үй камагында кармалат. Аны өлкөдөн чыгарбайбыз».

Саясат талдоочу Айданбек Акматов Райымбек Матраимовдун иши боюнча азыркы бийликтегилердин бир айдын ичинде «мынча төлөйт»  дегени шашылыш жеке субьективдүү себептерден эсептелбеген, пландалбаган иш деп эсептейт. Анын айтымында, мындай иштер текшерүү, тергөөнүн жыйынтыгында иликтенип, бажы тармагындагы коррупциянын анатомиясы ачылып, мамлекеттен жыл сайын канча акча чыгарылып кетип жатканы аныкталышы керек.

«Канча акча мамлекеттен кыйгап өтүп жаткан, канча акча булардын чөнтөгүнө түшүп жаткан? Биринчи кезекте мына ошол нерсе аныкталышы керек.  Мына ошол нерсе ачыкталып, «мынча суммада акча кеткен экен» деп туруп, ошого жараша айып пулдун суммасы, мамлекеттин казынасына түшө турган акчанын суммасы аныкталышы керек. Анан жок, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, анан Раимбек Матраимов үчөө эле сүйлөшүп алып, «мынча берсен болот» деп ич ара жең ичиндеги соода, мафиялык соода болбош керек. Бул жерде баары мамлекеттик эсеп, мамлекеттик иш менен жасалганда мындай ар кандай сөздөр чыкпайт эле».

Ал эми саясат тануучу Эмил Жороев болсо, башында эле соодалаша коюп, ошол 2 млрд сом менен жапты-жапты кылабыз дегендери күмөн жаратып жатканын айтып, анын бажы системасында болобу, башка системада болобу, аралашкан жерлерин аныктап, тактап чыгуу абзел деген ойдо.

«Бул жерде бир кишинин гана жоопкерчилиги болбош керек. Матраимовдорду жактап жаткан кишилер айтып жатпайбы «Кыргызстанда Матраимовдон башка коррупциоер жок бекен?!» деп. Бирок түшүнүш керек, Матраимовду изилдеп чыкканда толгон токой башка кишилерди, башка коррупционерлерди, башка коррупциялык схемаларды таап чыкканга толук мүмкүнчүлүк болот. Мындай шашылыш түрдө жаап салуу аракети болуп калса, калың эл арасында ишеним туудурганга мүмкүнчүлүк болбойт. Буга чейин канча журналистер изилдеп келген, ондогон кишилерден түзүлгөн система, желе сыяктуу схема бар болчу экен, ошолор тазаланабы же жокпу деген сөз турат. Калыптанып калган схема азыр эмне кылып жатат? Азыр деле иштеп жаткан болсо, кимдин пайдасына иштеп жатат? Бул схеманын чет мамлекеттеги өнөктөштөрү кимдер деген суроо туулуп жатат. Анткени  булардын пайда тапканынын негизи бир элементи ошол сыртка чыгарып кетүү болуп жатпайбы? «.

Ошондой эле ал эгерде бул коррупциялык схема бир киши менен эле токтолуп калса, анда кызыкчылыктардын жетегинде чала изилденген иш болуп калды деп айтууга боло турганын кошумчалады.

Матраимовдордун маселеси бир гана Кыргызстандын көйгөйү эмес, жалпы Евразия Экономикалык Биримдигине кирген мамлекеттердин көйгөйү экендигин Тышкы иштер министринин мурунку орун басары Аскар Бешимов билдирди.

««Эркештам», «Торугарт» өткөрмө бекеттеринен Кытайдан товарлар кетет. Анын кичинекей эле бөлүгү Кыргызстанда калат. Калганы баары Казакстан, Өзбекстан, Орусияга барат. Ал жакка барган соң, акчасы дагы артка, тактап айтканда, Кытайдан ал жакка барган жол менен кайрадан кайтат. Ошондуктан бул — жалпы Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөрдүн көйгөйү. Бирок ушул убакка чейин алардын бир да жолу үн катпаганы мен үчүн абдан таң калыштуу. Америка тараптан магнитискийдин тизмесине киргени, бул жалгыз гана Кыргызстан үчүн эмес, ЕАЭБдин ичиндеги аткезчиликтин көлөмдөрү, ошонун ичинде кылмыштуу топтордун уюшулганы, анан транзитти камсыз кылгандары ошолорго мамиле болгон деп ойлойм

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин «Раимбек Матраимов 2 млрд сом эле уурдаган, аны кайтарып алдык» дегени таптакыр туура эместигин жана Матраимов уурдап кеткен каражаттын бир тыйынына чейин кайтарылмайын, ошол талапты коюп жүрө бере тургандыгын бажыдагы коррупция боюнча иликтөө жасаган журналист Али Токтакунов айты.

«Эгерде Матраимов уурдаган сумма бир бүтүн нанга тете болсо, УКМК таап чыккан сумма анын бир сындырымы гана. Демек, мындан ары да ушундай прецедент түзүлөт. Уурулар «биз уурдасак, кайра бир күкүмүн берип койсок кутулат экенбиз» деп. Бул пара катары сезилет.  Себеп дегенде кандайдыр бир башка чоң мүлктөрүн көрбөй коюу үчүн, жашырып коюу үчүн, ошондой келишим болушу мүмкүн. Демек биз талап кылабыз, журналистер таап чыккан мүлктөрүн, уурдап кеткен башка каражаттарын толук түрдө элге кайтарыш керек».

Эске салсак, өткөн жылдын 21-ноябрында «Азаттык» жана «Клооп» медиаресурстарынын журналисттик иликтөөсү жарыяланып, анда бажыдагы коррупция фактылары аныкталып,  Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кыргызстандан 700 млн доллар чыгарып кеткендиги айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM