Биз менен байланышыңыз

14-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 13 Дек 2019 | 510 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 14-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -1…..-6… күндүз: -2…..3°C;

Талас облусунда:

түнкүсүн: -3…..-8….күндүз: -3……2°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында:

түнкүсүн: -3……2….күндүз: 2……7°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -3…..-8….күндүз: -2……3°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -12….-17…..күндүз: -2..……-7°C

14-декабрда Бишкекте кар жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3……-5°C, күндүзү 0…….-2°C.

Copyright © 2017 Maral FM