Биз менен байланышыңыз

Акаев: Соттун үч басылманын банк эсептерин камакка койгон чечимин жокко чыгарыш керек

Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 1927 | 0

Матраимовдор «Азаттык» радиосуна 22 миллион сом, «Kloop медиасына» 12,5 миллион сом, 24.kg. маалымат сайтына 15 миллион сом жана журналист Али Токтакуновго – 10 миллион сом доо коюп, сотко берди. Алардын сотко бергенге өзүнүн укугу бар, өзүнүн чындыгын коргосун. Бирок, ат тезеги кургай электе Свердлов райондук соту үч медианын банктык эсебин тоңдуруп жатат. Бул жакшы эмес жол. Мындай оюн Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча окуяны иликтеген комиссиянын жыйынында билдирди.

Шаардык сот тез арада муну карап туруп, райондук соттун чечимин жокко чыгарыш керек.

Белгилүү болгондой, Свердлов райондук соту айыпталуучулардын банктык эсептерин камакка алуу жөнүндө өкүм чыгарган.

21-ноябрда «Азаттык» жана «Клооп» медиаресурстарынын журналисттик иликтөөсү жарыяланып, анда бажыдагы коррупция фактылары, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ишкер Хабибула Абдукадыр менен байланыштары айтылган.

25-ноябрда Бишкек шаарында коомчулук бийликтен иликтөөдө айтылган фактылардын негизинде тийиштүү адамдарга чара көрүүнү талап кылып, тынчтык митингин өткөргөн. Алар Райымбек Матраимовдун камалышын талап кылышкан.

УКМК сотко чейинки териштирүүнүн алкагында бажы органдарындагы коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдары тууралуу жана ошондой эле бул факт боюнча башка тиешелүү маалыматтар болсо тергөө органдарына расмий көрсөтмө берүү үчүн кызматташууга чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM