Биз менен байланышыңыз

1700 балага жардам берген кыргызстандык укук коргоочу Франциянын сыйлыгын алды

Кыска кабар | 11 Дек 2019 | 536 | 0

Кыргызстандык укук коргоочу Алексей Петрушевский Франциянын адам укуктары боюнча мамлекеттик консультативдик комиссиясынын сыйлыгын алды.

Бул сыйлык кечээ, 10-декабрда Парижде  Бүткүл дүйнөлүк адам укугун коргоо күнүндө Франциянын юстиция министри Николь Беллубэ тарабынан тапшырылган. Кыргызстандык укук коргоочу 1700 баланын өмүрүн сактоого кошкон салымы үчүн сыйланган.

Маалыматта айтылгандай, Алексей Петрушевский – Кыргызстанда балдардын укугун коргоо боюнча иш алып барат. Ал 16 жыл бою Бишкектеги Балдарды коргоо борборун жетектеген. Бул аралыкта ал көчөдө калган 1700дөй баланын өмүрүн тобокелчиликтерден арылткан. Тагыраак айтканда, үй-жайсыз балдар, баңгизат чегип кеткен, зомбулукка кабылган, томолой жетимдер жана мигранттардын таштап кеткен балдарынын укугун коргоп, аларды кайрадан туура жолго салууга салым кошкон.

Ошондой эле Петрушевский балдар үйүнөн чыккан тарбиялануучулар үчүн атайын баш калкалоочу жайды 2013-жылы ачкан. Бул жерде 18 жашка толгонуна байланыштуу  балдар үйүнөн чыгарылгандар жашай алышат.

Франциянын адам укуктары боюнча мамлекеттик консультативдик комиссиясынын сыйлыгы жыл сайын адам укугун коргоо күнүнө карата берилет. Бул жылы аталган сыйлыкка 58 өлкөдөн 164 талапкер катышкан. Кыргызстандык укук коргоочудан сырткары Перу, Конго, Руанда жана Хорватиянын укук коргоочулары да жогоруда аталган сыйлыкка ээ болушкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM