Биз менен байланышыңыз

«Атамбаевдин акылына экспертиза жүргүзүү туура эмес»

Саясат | 10 Дек 2019 | 1562 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевке карата соттук-психиатриялык экспертизаларды дайындоо жөнүндө токтом чыгарылып, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу психикалык саламаттык борборуна аткаруу үчүн жөнөтүлгөн. Ушундай эле чечим Кой-Таш окуясына байланыштуу 16 шектүүгө да чыккан.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина да соттук-психиатриялык экспертизадан өтүштү. Экспертизанын жыйынтыгы 10 күндөн кийин белгилүү болот, жыйынтыгы Тергөө башкы башкармалыгына жиберилет. Мындай маалыматты КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева тастыктады. Муну менен катар ал мурунку президент Алмазбек Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тартканын билдирди:

Кечээ, 9-декабрда УКМКнын Тергөө абагында отурган Атамбаевге врачтардын тобу барып келишиптир. Мыйзам боюнча Алмазбек Атамбаев аталган экспертизадан өтпөгөнгө укугу бар. Ал өз укугунан пайдаланып, экспертизадан өтүүдөн баш тартты. Бийликтин мындай кадамга барышы адвокаттарга билдирилген эмес. Ошондой эле, мурунку президент Атамбаевге карата соттук-психиатриялык экспертизанын дайындалышын саясий оюндардын дагы бир көрүнүшү катары баалайбыз. Бул иштер атайын коомдук пикир жаратуу үчүн жасалгандай түр көрсөтөт.

Негизи, Жазык кодексине ылайык оор кылмыш жасагандар соттук-психиатриялык экспертизадан өтүш керек. Бирок экспертиза боюнча маалымат элге чыкпашы керек эле. Бул көрүнүштү юрист Нурбек Токтакунов тергөөчүлөрдүн катасы катары баалады:

-Психиатриялык экспертиза бул жөнөкөй эле стандарттык процедура. Аны экспертизадан өткөрүү туура эле. Бирок экспертиза тууралуу журналисттер билбеши керек эле. Эч кимге маалымат берилбеш керек болчу. Экспертизадан өткөрүү, анын жыйынтыгы — баары дарыгердин профессионалдык этикасына  ылайык, сыр болуп эсептелет. Ошондуктан маалымат чыкпашы керек эле. Бул тергөөчүлөрдүн катасы.

Бул маалымат тараган соң, экспертизанын мыйзамдуулугу, анын саясий максаты боюнча ар түрдүү пикирлер айтылууда. Ушундан улам КРнын эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаевден бийликтин бул кадамдары кандай максатты көздөшү мүмкүн, мындай маалыматтын тарашы өлкөнүн аброюна таасири тийбейби? Моралдык жактан туура болобу деген суроолорду узаттык. Ал мурунку президенттин соттук-психиатриялык экспертизага чакырылганын уят көрүнүш деп эсептеди:

-Менин көз карашымда, мамлекеттин, өлкөнүн башчысы болуп турган адамга психиатриялык экспертиза жүргүзгөндүн өзү эле уят көрүнүш. Бул бүткүл элди шылдыңдагандык. Биздин өлкөбүздүн аброюна чоң шек келтирип, терс таасирин тийгизет. “Миллиондогон кыргыз эли өзүнүн ичинен дени соо эмес, оорулуу адмды өзүнө башчы кылып шайлап алыптыр” деген сөз тарашы ыктымал. Экспертиза дайындоонун өзү ошондой түшүнүк берип жатат.

Мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун да Атамбаевдин психиатриялык экспертизадан өтүшүн туура эмес чечим деп эсептейт. Бул мыйзамда каралган күндө да, моралдык жагын эске алуу керек болчу дейт акыйкатчы:

-Мен Атамбаевди сындап жүргөн адаммын. Бирок ошого карабастан, бул чечимди туура эмес деп эсептейм. Анткени жаманбы- жакшыбы Атамбаев мамлекеттин башчысы болгон. Туура, оор кылмышка шектүүлөрдү текшерсе болору мыйзамда каралган. Бирок Атамбаевдин өзүн текшергени саясатка айланган иш болуп калат. Азыркы саясий кырдаал мындай кадамды туура кабыл албайт.

Ал арада ИИМдин ветерандары президент Сооронбай Жээнбековко кайрылуу жасашты. Алар өз кайрылуусунда Алмазбек Атамбаевке карата туура эмес мамиле болуп жатканын жана өлкөнүн өнүгүүсүндө мурунку президенттин салымы бар экенин белгилешкен. Муну менен катар алар УКМКнын жетекчисине жана ИИМне  кылмыш ишин козгоо керектигин айтышкан.

Copyright © 2017 Maral FM