Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Бишкекте ок атышкандар кармалды (видео)

Кыска кабар | 10 Дек 2019 | 1697 | 0

Кечээ Бишкекте милиция ок атышкандарды колго түшүрдү. Алар Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун  Т. уулу М. жана М.Н. аттуу 25 жаштардагы жарандары болуп чыкты.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) расмий билдирүү таратты. Атышкан эки тараптын тең Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургундары экендиги аныкталды.

Кечээ Бишкектин Гагарин жана Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар “Тойота Авенсис” унаасында бара жаткандарга ок чыгарган. Окуя кылмыштырдын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүүлөрдү издөө аракеттери жүргөн.

Натыйжада, Коопсуз шаардын камераларындагы тасмалардын жардамы менен ок чыгарган эки шектүү колго түшүрүлгөн. Алардын жанынан номери өчүрүлгөн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча табылган. Тапанчанын октору болгон эмес.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Copyright © 2017 Maral FM