Биз менен байланышыңыз

Москванын Париж саммитиндеги негизги жетишкендиги

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Дек 2019 | 620 | 0

Расмий Москва “Норманд төрттүгүндөгү” негизги жетишкендиктеринин бири катары расмий Киев тарабынан минск келишимдеринин аткарылышы боюнча милдеттемелерге кол коюп бергенин эсептеди. Бул тууралуу 10-декабрда INTERFAX.RU билдирди.

“Биринчи каналдын” Саясий коньюнктура борборунун директору Алексей Чесноков эфирден Норманд төрттүгүндөгү орустардын жетишкендигине төмөнкүдөй баасын берди:

-Мен Украинанын жаңы президенти тарабынан кол коюлган документти эң негизги жетишкендигибиз деп эсептейм. Кагаз бетине анын мински келишимдерине кол коюп бергени өтө маанилүү болду. Муну анын келишимдеги милдеттемелерди аткаруу ниетин билгизгендиги деп билишибиз керек.

Эксперт мурда Киевдин минск келишимдеринен баш тартып жатканын эскертип:

-Зеленский мындан мурдараак эле мински келишимдеринде көрсөтүлгөн милдеттенмелерди аткарбайбыз деп моюн толгоп жаткандыгын айткан. Эми ушул документке койгон колун “көзүнө такап” көрсөтүп “мински келишимдеринин жактайбыз” дегени боюнча “эми жактагыла!” деп доомат койсок болот, — деди.

Эксперт Зеленскийдин Минск келишимдерин кайра карап чыгып, шайлоого чейин чек араларды кайтаруу, ошондой эле Конституцияда Донбасска өзгөчө статус берүү аракети ойрон болду деп эсептейт.

Copyright © 2017 Maral FM