Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Сырттан акча алганды кыскартуу керек

Кыска кабар | 9 Дек 2019 | 392 | 0

2020-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы долбоорлор масштабдуу түрдө жүзөгө ашырыла баштайт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча кеңеште билдирди.

Бүгүнкү күндө дээрлик бардык инфраструктуралык объектилер мамлекеттин эсебинен каржыланууда. Бюджеттин тартыштыгынан улам жаңы объектилердин курулушу жана эскилери оңдоп-түздөөдөн өткөрүлбөй келген. Тышкы каражаттардын эсебинен кырдаалдан чыгуудабыз. Бирок дайыма сырттан жардам күтө бергенибиз болбойт. Сырттан акча алганды кыскартуу керек. Өлкөнүн экономикалык өсүүсүн камсыз кылуу үчүн бизнестин активдерин колдонуу таасирдүү чаралардан болуп саналат. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасы көпчүлүк өлкөлөрдүн инфраструктуралык маселелерин чечүүгө жардам берген, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы билдиргендей, мамлекеттин жана жеке ресурстардын биригүүсү экономиканы өнүктүрүүдөгү туура кадам болуп саналат. Экономика министрлигине караштуу МЖӨ борбору түзүлдү.  2021-жылга чейин долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюча фонд түзүлдү, ага   техникалык-экономикалык негиздеме жана тендердик иш-кагаздарды даярдоо үчүн 4  миллион доллар бөлүндү.

«Манас» Эл аралык аэропорту» модернизациялоо боюнча стратегиялык долбоорду баштоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул чаралардын бардыгы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк линиясы боюнча долбоорлорду кеңейтүүгө олуттуу мамиле кылып жаткандыгын далилдейт. Учурда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк линиясы боюнча 500 млн долларга 23 долбоордун портфели түзүлдү жана аларды карап, иштеп чыгуу жумуштары жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM