Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коррупциянын деңгээли 3 жылда 1 баллга жакшырган

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Дек 2019 | 664 | 0

Бүгүн, 9-декабрь – Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү.

Дүйнө боюнча жемкордуктун деңгээлине кайрылсак, корруцпия күч алган өлкө катары Сомали, Түштүк Судан жана Сирия өлкөлөрү турат.

Transparency International эл аралык кыймылынын коррупциянын деңгээлин өлчөгөн 2018-жылды көрсөткөн акыркы рейтинги боюнча, сап башында Дания (89), Жаңы Зеландия (88) жана Финляндия (85) турат. Индекс канчалык жогору болгон сайын, коррупциянын деңгээли ошончолук төмөн дегенди түшүндүрөт. Демек, аталган өлкөлөрдө жемкордук дээрлик жокко эсе. Бул кыймылды Украина жана Орусия сыяктуу өлкөлөр «булардын рейтинги күмөндүү» деп сындап келишет.

Ал эми Кыргызстан 29 балл менен 132-орунду алды. Тактап айтканда, Кыргызстан жемкордук көп жайылган 180 өлкөнүн ичинен 48-өлкө катары катталган. Бул көрсөткүч мурдагы жылдарга салыштырмалуу 1 баллга жакшырган, башкача айтканда, дээрлик өзгөрүү байкалган эмес. Ошентсе да коррупцияга каршы күрөштө жылыш болгондугу айтылат.

Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, коррупционерлерден өндүрүлгөн акчаны топтоо боюнча ачылган бирдиктүү депозиттик эсепте 1 млрд 909,7 млн сом чогулду. Бул бирдиктүү эсеп президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен 2018-жылдын июль айында ачылган.

Copyright © 2017 Maral FM