Биз менен байланышыңыз

8-12-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Кыска кабар | 8 Дек 2019 | 567 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 8-10-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. 8-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши ыктымал.

11-12-декабрларда кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлсө, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM