Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 7-декабрда күндүз тоолуу райондо кар жаашы күтүлсө, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: 0……-5… күндүз: 3…..8°C;
Талас облусунда
түнкүсүн: 0…..-5….күндүз: 3……8°C;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында
түнкүсүн: -2……3….күндүз: 7…..12°C
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: -4…..-9….күндүз: 2……7°C
Нарын облусунда
түнкүсүн: -12….-17…..күндүз: -3..…..-8C
7-декабрда Бишкекте күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн жаан жаап карга айланат. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1……-3°C, күндүзү 6…….8°C.