Биз менен байланышыңыз

Касымалиева: Жасалма паспортторго өкмөт менен Мамкаттоо жооп бериши керек

Күн чекит | 4 Дек 2019 | 272 | 1

Орусияда өзбек жарандарына Кыргызстандын паспорттору ачык эле сатылып жатканын вице-спикер Аида Касымалиева Бүгүн Жогорку Кеӊеште “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда айтты. Ал жакында Орусияга барганын, ал жерде өзбек жарандарына кыргыз паспорттору ачык эле сатылып жатканына өзү күбө болгонун билдирди. «Күн чекит» программасында Аида Касымалиева менен маек курдук.

Марал: Сиз Орусиядан кыргыз паспорттору өзбек жарандарына ачык эле сатылып жатканына өзүңүз күбө болгонуңузду айтып чыктыңыз. Алгач ушул тууралуу кененирээк уксак.

-Негизи,  кыргыз паспорттору жасалат же алынат деген сөз көптөн бери айтылып келе жаткан эле. Бул жолу биз Санк-Петербургдагы мекендештерибиз менен жолуктук. Алар бул маселенин абдан көйгөйлүү жана орчундуу экенин айтышты. Кыргызстандан барган көпчүлүк студенттер котормочу болуп иштешет. Кандайдыр бир кылмыш менен түрмөгө түшүп калган кыргыз жарандары да болот. Алардын паспортун текшере келгенде Кыргызстандан алынган деп чыгып калып жатты. Бирок текшере келгенде алар жасалма эмес, чыныгы эле документ болуп чыгып жатты. Кайсыл жерден алганы, аты-жөнү, бардыгы базадан чыгып жатат. Ошол эле учурда маселен, Кара-Суудан алган деп чыкса, ал жактын жашоочулары аталган райондо андай айыл жок экенин жана ал адамдарды тааныбай турганын тастыктап берип жатышты. Демек, бул документтер Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жасалган. 

Марал: Бүгүнкү жыйында Каттоо кызматы 1994-жылы берилип баштаган улуттук үлгүдөгү паспорттордун 117 миңи жоголуп кеткенине да токтолду. Бирок жасалма паспорт болушу мүмкүн эмес деп ишендиришүүдө. Сиз буга канчалык ынандыңыз? Негизи эле, Кыргызстандын паспортунун коопсуздугуна кандай баа бересиз?

-Булар ушинтип актанып коюшту. Бирок 1994-жылдан бери канча жыл өттү? Азыр да биздин кыргыз паспорттору чыгып жатат. Мисалга алсам, Сирияда чыгып жатат же акыркы мисал, Айеркен Саймаитинин колдонуп жүргөн паспорту. Санк-Петербургдан бизге жеткен маалыматтар боюнча Сузак районунан паспорттордун көп берилгендиги тууралуу айтышты. Өзүнчө вотсап группалардан да келет экен, анда өзбек жана тажик жарандары биз кыргыз паспортун болжолдуу бир сумманы айтып, жасап беребиз деп жазгандары бар. Бул эмнеден кабар берет? Бул кыргыз паспортунун соодага жана коммерцияга айланганын далили. Эмне үчүн Орусияда өзбек, тажик жарандары кыргыз паспортун жасаткылары келет? Анткени биз ЕАЭБке киргенден бери патент албайбыз да. Бир топ жеңилдиктер бар. Айдоочулардын күбөлүктөрү да жасалат. Өзүңүздөр билгендей, биздин айдоочулар Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрү менен эле унааларды айдашып, такси кызматында иштешет. Ушундай сыяктуу жеңилдиктер бар. Ошондуктан жогоруда аталган өлкөлөрдүн биздин паспорттун артыкчылыктарына кызыгуусу бар. Баа боюнча айтсам, Мамлекеттик каттоо кызматына 2 деген баа берем. Кыргыз паспортунун оңой эле жасалып, сатылып жатканы абдан кейиштүү. 

Марал: Эми сунушталып жаткан мыйзам долбооруна келсек. Ал кабыл алынса эмнелер өзгөрөт? Жогорудагы маселенин баарын чечилет дегенге болобу?

-Тышкы миграция» мыйзамынын ичинде паспорт маселеси каралган эмес. Мен болгону ал жерде мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги отурган  үчүн гана суроо бергем. Бирок бул мыйзамды да карап жатабыз. Эң негизгиси — «мекенкард» кабыл алынуусу керек. Муну бардык мекендештерибиз күтүп жатат. Мекендештер боюнча мыйзам кабыл алынып, жаңылануусу керек. Мекендештер дегенде биздин жарандыктан чыгып кеткен, чет өлкөдө жүргөн жарандарыбыз тууралуу айтып жатам. Алардын өздөрү же алардын балдары Кыргызстанга келгенде автоматтык түрдө чет өлкөнүн жараны болуп калып жатат. «Мекенкард» ошол мүмкүнчүлүктөрдү, укуктарды берет. Дарыланууга, бул жакта көбүрөөк жүрүү деген сыяктуу жеңилдиктерди тез кабыл алып беришибиз керек. 

Марал: Бул боюнча жоопкерчиликти ким алат?

оопкерчиликти Мамлекеттик каттоо кызматы  алышы керек. Өкмөт өкүлдөрү, жадакалса, өкмөт башчы да бул маселени өзү көзөмөлгө алышы керек. Паспорт чыры буга чейин деле көтөрүлүп келген. Өкмөт чабалдыгын көрсөтпөшү керек. Иштебей жатат. Караш керек да. Кимге кааласа, сатылып бериле бербеши керек бул документ. Бул маселеге чекит жакын арада коюлбаса, башка сунуштар айтыла баштады. Маселен, паспорт алууну кайра ИИМге өткөрүү керек дегендер да чыгып жатат. Бирок ИИМге шашып эле өткөрүп бергенге мен каршымын. Мурун ИИМ келгендердин бардыгын текшергенден кийин берчү да. Биз азыр санариптештирүү деп жатабыз го, ошол дал паспорт берип жаткан жерлерде колдонулушу керек. Ушул жерде иштеши керек. Мамлекеттик каттоо ИИМ менен тыгыз иштешиши керек. Тилекке каршы, андай болбой, чаржайыт болуп, базага ар ким ар тараптан кирип жатат. Сураштыра келсең, биз берген эмесиз деп алакан жайып жатышат. 

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    05.12.2019 16:16

    Мен жасалма паспорт бар дегенге ишенемин, ошолорду жасагандардын жоопко тартуу керек. Кайдан паспорт алганы жазылып турганда кийин аны табуу кыйынчылыкта турбайт.
    Экинчи маселе башка мамлекеттин жарандыгын алган этникалык кыргыздарга, Кыргызстанда жургондо Кыргызстандын жараны катары укугу болушу керек. Себеби башка олконун жарандыгын копчулугу айла жок алган, бала багам, уй салам жб деп. Кыргызстанга келип уй алсан болбойт,алган уйун айла жок бироонун артында, оз Уйуно озун убактылуу катоодо болушун керек. Эгерде граждандык кодексе озгортуу кирбесе кыргыздар келбей Россияда калып кетет.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM