Биз менен байланышыңыз

Азирет Осмонов: «Пранк тартабыз деп, миллицияга түшкөнбүз»

Көңүл ачуу , Марал шоу | 3 Дек 2019 | 1418 | 0

Заманыбыздын мыкты блогери, элдерди тамашага салган пранкер, теле алып баруучу Азирет Осмонов “Марал шоу” пргораммасынын кадырлуу коногу болуп, кызыктуу маек куруп берди.

-“Пранк” деген сөздүн мааниси кандай?

-Пранк — тамашага салуу деп чечилет, өз ичинен дагы дагы бир канчага бөлүнүп кетет. Мисалы, радиопранк, лайтпранк, хардпранк. Анын арасынан биз лайтпранкты тартабыз. Пранк аркылуу элдерге физикалык жактан эч кандай коркутуу, үркүтүү кылбай, болгону юмор аркылуу жылмаюу тартуулоо.

-Канча жылдан бери тартып жатасыз?

-Негизи, кесибим боюнча журналистмин. Ушул кесип менен иштеп келе жатам. Пранкты тартуумдун себеби деле жумушума байланыштуу. Эртең менен элдердин маанайын көтөрүү максатында атайын рубрика тартыш керек болуп калды. Элдердин кабыл алуусу жакшы болуп, көп көрүүчү топтогондуктан, өз алдымча пранк тартып баштадым.

-Пранк тарткан учурда элдер туура эмес кабыл алып, эмоция менен кол көтөргөн учурлар болгонбу?

-Мындай учурлар боло элек. Элдер менен иштешсең, психолог болуп калат экенсиң. Алардын эмоциясына карап тамашага салабыз.

-Эң кызыктуу, эсте калган пранк кайсы?

-Пранк тартабыз деп миллицияга түшкөнбүз. Бишкектеги соода борборлорунун биринде кара баштыкты элдердин жанына келип коюп кеткем. Бири миллицияга чалып жибериптир. Алар мени келип кармап, ызы-чуу болгонбуз. Акыры «телевидениеден келдик, видео тартып жүрөбүз» десек коё беришкен.

-Пранк акча табуунун булагыбы?

-Акча тапса болот. Youtube каналы менен келишимибиз бар. Видеонун көрүлүшүнө карата акча төлөп берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM