Биз менен байланышыңыз

Кумтөр кенинде дайынсыз болуп жаткан эки кызматкерди издөө иштери уланууда

Кыска кабар | 3 Дек 2019 | 420 | 0

Кумтөр кенинде дайынсыз болуп жаткан эки кызматкерди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Учурда жеринде 16 оор техника иштеп жатат. Альпинистер дагы издөө иштерине кошулду.

Кескин түрдө жылган үйүлгөн жараксыз катмардын жалпы аянты: узуну 450 метр, туурасы 570 метр, бийиктиги 50 метр жалпы көлөмү 12,825,000 чарчы метр. Мамэкотехинспекциянын тоо-кен адистери чалгындоо иштерин жүргүзүп коркунуч туулган жерлерге атайын приборлорду орнотуп тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Дайынсыз болуп жаткан эки адамдын болжолдуу калган жерлери адистер тарабынан аныкталып, учурда ошол аймакта техникалар иштеп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM