Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду

Кыска кабар | 3 Дек 2019 | 579 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-декабрда Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирүү таратты.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунда, мамлекет — мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөтүп, алардын окуусуна, жашоосуна, эмгектенишине, маданий талаптары аткарылышына зарыл шарттарды түзүп берүүгө жана укуктарынын сакталышын, социалдык жактан корголуусун, коом турмушуна оңой катышуусун камсыздоого умтулары айтылат.

Ошондой эле, өлкө башчы мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды окутуп, алардын руханий өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн талыкпай эмгектенип жаткан ата-энелерге жана социалдык мекемелердин кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирди:

-Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга жардам көрсөтүү — мамлекетибиздин мындан ары дагы артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп кала берет. Быйыл Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун ушул багыттагы конвенциясын ратификациялады. Коргоого муктаж жарандарыбызга ар тараптан жардам көрсөтүү — мамлекеттик органдар менен бирге, жалпы коомубуздун милдети экенин унутпайлы. Тагдырдын кыйынчылыктарын жеңип, асыл максаттарга умтулуу менен жашап келе жатышкан кайраттуу мекендештерибизге ден соолук, кажыбас кайрат, бакубат жашоо каалайм, — деп сөзүн жыйынтыктады президент.

 

Copyright © 2017 Maral FM