Биз менен байланышыңыз

Айыл чарбадагы өндүрүш өстү

Экономика | 2 Дек 2019 | 629 | 0

Быйыл 10 айдын жыйынтыгы боюнча 192 млрд сомго айыл-чарба продукциясы өндүрүлдү. Анын ичинен 84 млрд сомдон ашык мал чарба продукциялары өндүрүлгөн, ал эми талаачылыкта өндүрүлгөн продукция 103 млрд сомду түздү. Өсүмдүктөрдүн ичинен мөмө-жемиштердин дүң жыйымы 317 миң тоннаны түздү. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 18 миң тоннага көп. Ошондой эле тамак-ашты кайра иштетүү ишканаларынын саны 300дөн ашып, анда 10 миңден ашуун кызматкер иштейт. Жалпы 2018-жылга салыштырмалуу айыл-чарба продукциясын өндүрүүнүн өсүшү 101 пайызды түздү.

Кыргызстанда 2019-жылдын январь-сентябрь айында айыл чарба продукцияларынын  тышкы соода жүгүртүүсү 660 млн долларды түздү. Ал өткөн жылга караганда 18%га көбөйгөн.

Быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы аянты 2018-жылга караганда 2 миң гектарга көп болду. Акыркы 5 жылда пайдаланылбай келген жерлердин аянты 110 миң гектардан 42,7 гектарга азайган.

Дан өсүмдүктөрүнүн жыйымы 1955,1 миң тоннаны түздү. Жүгөрүнүн жыйымы 720 миң тоннага жетип, былтыркыга караганда 27 миң тоннага көп болгон. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев төмөнкүдөй маалыматтары менен бөлүштү:

-2019-жылдын январь-сентябрь айларында тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциялары 12 млрд 890 млн 300 миң сомго экспорттолгон. Ал былтыркы жылга салыштырмалуу 27,3%га өскөн. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы продукцияларынын импорту 33 млрд 162 млн 200 миң сомду түзгөн. Бул 2018-жылга караганда 9,9%га көп. Негизинен, былтыркы жылга салыштырмалуу бир топ өсүш бар. Биз акыркы жылдары дыйкандар менен тыгыз иштешип, кайсы үрөөн кайсы облустта жакшы өсө турганын айтып, сапаттуу үрөөндү чет өлкөдөн алдырып жатабыз. Ошондой эле, гранттык негизде долбоорлор иштелип, техника менен камсыз болуп жатат. 

Экспорттук сатуулар 25%га көбөйүп, 185 млн долларды түзгөн. Ал эми импорттук продукциянын келиши 10%га өсүп, 475 млн долларды түзгөн.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин экспорт бөлүмүнүн башчысы Нурмамат Муллакелдиев белгилегендей, жашылча, жемиш, сүт, эт азыктары 6 млрд сомго экспорттолгон. Алар негизинен, Түркия, Казакстан, Орусия жана Украинага жөнөтүлгөнүн айтты:

-Көбүнчө ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана коңшу өлкөлөргө айыл-чарба продукциялары экспорттолот. Быйыл 10 айдын ичинде сүт азыктары 6 млрд сомго жетти.

Мекеменин дыйканчылыкты, үрөөн чарбачылыкты жана органикалык айыл чарбасынын өндүрүшүн өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жигитали Жумалиев чарбалар биригип, буудайдын түшүмдүүлүгүн жогорулатуунун пландары коюлуп жатканын айтты. Буудайыдын аянтын сактап, сапаттуу үрөөндү чет өлкөдөн алдырып, дыйкандарга төмөнкү баада бериле баштарын айтты:

-Бир топ чарбалар биригип, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу максатында иштеп жатабыз. Андан сырткары, жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, дыйкандар менен тыгыз байланышта болуп иштеп жатабыз.

Тамак-аш ,кайра иштетүү өнөр жайы бөлүмүнүн башчысы Атамбек Ботоевдин айтымында, Таласта дагы бир кант кызылчасын кайра иштетүүчү ишкана ишке кирди. Быйыл 100 миң тонна кант кызылчасы иштелип чыкты.

-Ар бир облустка  кайсы азыкты өстүрүү керектигин дыйкандар менен кеңешип, алар дагы жакшы пайда көрүүсү үчүн маалымат берип жатабыз. Быйыл кант кызлычасын кайра иштетүүгө басым жасап, иштелбей турган ишканаларды ишке киргиздик. 

Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин башчысы Илич Марсбек уулу ишкерлер чек арадан кайтарылган товарлардын документтерине так болуусу керектигин эскертет.

-Биз текшерип турабыз, бирок көп учурда ишкерлер бир товарга документ жасап, башка товарды кошуп чет өлкөгө жиберип жатышат. Ошондуктан өндүрүмдөр артка кайтарылып жатат. Негизинен, жалпы эл аралык стандарт бар, ошого жооп бериши керек.

Департаментте быйыл Кыргызстандан жашылча-жемиштерди экспорттоого 29 425 сертификат берилген. Быйыл  буудайдын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу пландалып, 5-10жылда буудайдын дүң жыйымын 1 млн тоннага жеткирүү максаты коюлду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM