Биз менен байланышыңыз

3-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 454 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 3-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 0….-5… күндүз: 6…..11°C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 0…..-5….күндүз: 7…..12°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: -2……3….күндүз: 8…..13°C

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: -1…..-6….күндүз: 1……6°C

Нарын облусунда

түнкүсүн: -9….-14…..күндүз: -2…..-7°C

3-декабрда Бишкекте күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечинде жаан, кар жаайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1……-3°C, күндүзү 8…..10°C.

Copyright © 2017 Maral FM