Биз менен байланышыңыз

УКМК: Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн орусиялык жаран кармалды

Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 314 | 0

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн орусиялык жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-ноябрь күнү издөөдө жүргөн 22 жаштагы Л.М.Ю. аттуу Орусиянын жараны кармалган. Ал ушул жылдын май айында Москва шаарындагы райондук прокуратурасынын прокурорунун жардамчысын өлтүргөн деген шек менен издөөдө жүргөн.

Эл аралык макулдашууларга ылайык, аны Орусияга экстрадициялоо боюнча маселени чечүү үчүн орусиялык жаран Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Copyright © 2017 Maral FM