Биз менен байланышыңыз

30-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 405 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 30-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: -7….-12… күндүз: -3…..2°C;

Талас облусунда

түнкүсүн: -9…..-14….күндүз: -1…..4°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: -2……-7….күндүз: 3…..8°C

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: -5…..-10….күндүз: 2……7°C

Нарын облусунда

түнкүсүн: -13….-18…..күндүз: 0…..-5°C

30-ноябрда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -7……-9 °C, күндүзү -1…..1°C.

Copyright © 2017 Maral FM