Биз менен байланышыңыз

Борбор Азиянын президенттери Ташкентте чогулду (фото)

Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 788 | 1

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышууда.

Жолугушуунун күн тартибинде кызматташууну кеңейтүү жана аймактагы өлкөлөрдүн жакынкы келечекке карата артыкчылыктуу багыттарын аныктоо маселелери турат.

Консультативдик жолугушуу тар курамда башталарда делегация башчыларынын чогуу сүрөткө түшүүсү болду. Андан кийин жыйын кеңейтилген курамда улантылат.

Экинчи Консультативдик жолугушууга Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев катышып жатышат.

Эске сала кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин алгачкы жолугушуусу Назарбаевдин демилгеси менен Астанада өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM