Биз менен байланышыңыз

«SOLO MEDIA» Youtube’да кыргыз контенти боюнча алгачкы «Алтын баскычка» ээ болду

Кыска кабар , Шоу-бизнес | 29 Ноя 2019 | 1594 | 0

Ютуб видеохостингиде  «SOLO MEDIA» бренди менен катталган кыргызстандык канал 1 млн катталуучу чогултту. Тагыраак айтканда, аталган медиапортал кыргыз контенти боюнча Ютубдун алгачкы «Алтын баскычына» ээ болду. Бул тууралуу «SOLO MEDIA» компаниясы өздөрүнүн расмий баракчасында жарыялады.

«SOLO MEDIA» каналы 2017-жылы ачылган. Эки жыл аралыгында кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрүнүн дээрлик 70%дан ашыгынын ырларынын жана клиптеринин Ютуб видеохостингинде автордук укугун коргоп, аларды жайылтууда. Учурда бул каналдагы ыр жана клиптер жалпы 472 901 894 млн жолу көрүлгөн. Ал эми эң көп көрүлгөн клип 21 миллиондон ашат.

Кошумчалай кетсек, Ютуб видеохостинги 100 миң катталуучу чогулткан каналдар үчүн «Күмүш баскыч» статусун берет. Ал эми 1 млн катталуучу чогулткан каналдар үчүн «Алтын баскыч» ыйгарат. Ал эми «Бриллиант баскыч» алуу үчүн 10 млн катталуучу топтоо зарыл.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM