Биз менен байланышыңыз

Кочкоров: Быйыл министрликтин бюджети көбөйтүлдү

Коом | 28 Ноя 2019 | 641 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бир жылдык аткарган ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. Жарандар менен ачык байланышта болуу үчүн электрондук система колдонулган. 900 миңге жакын жаран электрондук портал аркылуу документ иштерин бүтүргөн. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга IT  курстары ачылып, стипендия берүү каралууда. 2020-жылы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин бюджети көбөйтүлдү.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги “Түндүк” системасы аркылуу маалымкаттарды автоматташтырууда. Учурда министрлик ар бир балага сүйүнчү катары берилген 4 миң сом акчаны алуунун механизмин жеңилдетти. Кыргызстанда ушул жылдын башынан бери 145 миңден ашуун балага «сүйүнчүпул» төлөнүп берилди. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров балага төлөнгөн сүйүнчүпулдун жалпы суммасы 547 миллион сомду түзгөнүн айтты.

Ноябрь айында 900 миңге жакын жаран электрондук портал аркылуу документ иштерин бүтүргөн. Жарандар сайтта анкета толутуруп, анын негизинде электрондук калкулятор системасы жарандын турмуш-шарты тууралуу маалыматтарды аныктайт. Мындай даректүүлүк көп суроолорду жаратпайт жана коррупцияга жол бербейт.

-Биз аз убакыттын аралыгында бир топ иштерди электрондук түргө өткөрдүк. Жарандар менен ачык байланышта болуп, алар биздин электрондук порталга анкетаны толтурса, электрондук калкуятор финансылык абалын эсептеп чыгарат. 

Кочкоров мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды IT адистигине окутса боло турганын айтып, келечекте алар дагы жумуш менен камсыз болушу керектигин билдирди:

-Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын ар кандай окуу курстарын ачтык.  Мисалы, IT адистигине курс ачып, жакшы окугандары үчүн стипендия берүүнү караштырып жатабыз. Себеби алардын кийин өз алдынча эч кимге көз каранды болбой иштеп кетишине шарт түзүшүбүз керек.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кыргыз мигранттарынын чет өлкөдө таштап кеткен балдарын Кыргызстанга алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Министрдин орун басары Ализа Солтонбекованын айтымында, алардын жалпы саны 21 бала болсо, үчөө Казакстанда, бирөө Түркияда жүрөт:

Быйыл коңшу өлкөлөрдөн мигранттардын 7 кароосуз калган  балдарын алып келдик. Учурда 21 баланы алып келүү үчүн документ иштери такталып жатат. Декабрь айында кызматкерлер аларды алып келүү үчүн кетишет. Түркия мамлекетинде 1 бала бар, Казакстанда 3 ал эми калганы Орусияда. Негизинен, жаңы төрөлгөн балдар жана 5-6 жаштагы балдар да бар.

Быйыл 6 миң киши курорттук дарыланууга жолдомо алган жана 3 миңге жакын жаран кресло-коляска менен камсыз болгон. 2020-жылдан тарта мүмкүнчүлүгү чектелгендер дарыланууга жолдомо алууга жана коляска алуу үчүн электрондук кезекке турушат.

Жумшусуздукту жоюу максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөр коомдук иштерге чакырылып, бул үчүн аларга азык-түлүк берилет. Ошондой эле, бир нече киреше алып келүүчү долбоорлор ишке ашырылып, бүгүнкү күндө 18 кичи цехтерде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү жарандар иштешет.

Кыргызстанда жумушсуздардын саны 154 миңден ашык адамды түзөт. Министрликтин каттоосунда 100 миң адам жумушсуз деп белгиленген.

Ушундан улам жыл сайын жумушсуздарды ашпозчу, чач тарач сыяктуу кесиптерге үйрөтүүгө 90 миллион сомдой акча бөлүнөт.

-Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү азык-түлүк менен эле эмес, жумуш менен да камсыз кылып жатабыз. Же болбосо коомдук иштрге тартып, ошол аткарган жумушуна азык-түлүк берип жатабыз. Быйыл бир канча долбоорлордун негизинде 18 кичи цехтерди ачтык.  Ишканада аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү жарандар ишке алынат. 

Министрликтин маалыматында, өлкөдө 1 млн 429 миң жакыр жаран бар. Алардын 762 миңи жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары. Анын ичинен 312 миң балага жөлөкпул берилет.

2020-жылы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине бюжеттен 11 млрд 54 млн сом каралууда. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 1 млрд 200 млн сомго көп.

Copyright © 2017 Maral FM