Биз менен байланышыңыз

Каттамга чыкпаган автобустарга 5 млн сомго дөңгөлөк алынат

Коом | 27 Ноя 2019 | 414 | 0

26-ноябрда, Бишкекке кар түшкөн күнү 49 автобус дөңгөлөктөрү тайгак жолдо жүрө албаган үчүн каттамга чыккан жок. Бул тууралуу каттамга чыкпаган автобустун айдоочулары айтып чыгышып, алар башка да талаптарын коюуга үлгүрүштү. Мисалы, бирдиктүү форманы алып салуу, жүргүнчүлөрдү камсыздандыруу полисин жокко чыгаруу, жол кирени 15 сомго көтөрүү сыяктуу талаптар. Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы коомдук автобустар толугу менен кышка даяр экенин билдирген. Эми дагы кар жааса, абал кандай болот?

Жаңы алынып келген автобусттар жолдун тайгактыгынан улам каттамга чыгышкан эмес. Себеби дөңгөлөгү күндүн суугуна жана жолдун тайгактыгына туруштук бере албайт.

Бишкектин жүргүнчү ташуучу автотранспорттук ишканасынын директору Нурлан Койчубековдун айтымында, Кытайдан алынган бардык сезонго жарайт деген дөңгөлөктөр маселе жаратты. Биринчи күнкү суукта жана жолдун тайгагында автобустарды сыноодон өткөргөндө дөңгөлөгү ылайыксыз болуп чыккан.

Кытайдан алынган бардык сезондук деген дөңгөлөктөр маселе жаратты. Биринчи күнкү суукта жана жолдун тайгагында автобустарды сыноодон өткөрсөк, дөңгөлөгү ылайыксыз болуп чыкты. Жакшы болсо, жаңысын албайбыз деп ойлогонбуз, бирок андай болгон жок. Жаңысын Белоруссиядан алып келе жатабыз, — деди

Мындай автобустар менен жумушка чыгуу кооптуу экенин шаар тургундары айтып нааразы болушууда. Бул жагдайга УКМК көзөмөл жүргүзөрү тууралуу да айтылды.

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы Сатыбалды Хакимов айдоочулар менен байланышканын айтып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн каттамга чыкпай турушуна макул болгон. Бирок ал жакынкы аралыкта 360 дөңгөлөк алынып келине турганын айтты:

-Автобустардын чыкпай калганын себеби, биринчиден, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жана жол кырсыгы болбош үчүн чыкпай туруусуна уруксат бердик. Автобусттун дөңгөлөктөрү 4 мезгилге ылайыктуу деп айтылган, бирок тайгак жолдорго жарабайт экен. Башка тендер жарыялап,  10 күн ичинде  5 млн сомго 360 дөңгөлөк алынып келинет.

Буга чейин тендерди Кытайдын 301 миллион 273 миң 700 сом сунуштаган корпорациясы жеңип алган. Компания Кыргызстанга 60 газ менен жүрүүчү автобусту алып келген.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канат Музуралиев компания менен макулдашуу учурунда автобус тууралуу толук маалымат бериле турганын, бирок мэрия буга көңүл бурбаганын айтты. Ошондой эле бул жагдайга ким күнөөлүү экенин аныктоо үчүн комиссия түзүлүп, маселе териштирилерин айтат:

-Негизи, тендерди утуп алган компанияга техникалык тапшырмалар берилиши керек эле. Мэрия бул нерсеге көңүл бурбагандыктан, ушундай көйгөй жаралып жатат. Биз кайра Кытай компаниясына доомат коё албайбыз, себеби алар бизди айткан эмессиңер деп коюшу мүмкүн. Бул ал компаниянын күнөөсү эмес. Эми бул маселени атайын комиссия түзүп, жакынкы күндөрү текшерип, сүйлөшөбүз. Азыр дагы башка тендер жарыялап, дөңгөлөк алышат экен, бул ашыкча чыгым болуп жатпайбы. 

Шаарда автобусттар жетишпегенин жана жол акысынын көтөрүлүшүнө шаар тургундары нааразычылыгын айтышты:

аарда өзгөчө тыгын болот, ошондуктан коомдук транспорттун көп болгону жакшы. 

-Мэрия берген убадасын аткарсын, жаңы автобустар келет, иштейт дегени менен дагы деле шаар коомдук транспорт менен камсыз боло элек.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 24-апрель күнү Бишкекке Кытай өндүрүшүнөн чыккан 60 автобус алып келинген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM