Биз менен байланышыңыз

Орус тили жана адабияты боюнча мыкты мугалимдер Москвага барат

Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 361 | 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Росскызматташуунун Кыргызстандагы өкүлдөрү Виктор Нефедов жана Ирина Тузова менен “Орусия гуманитардык миссиясынын” башкы директору Алексей Полковниковду кабыл алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

“Орусия гуманитардык миссиясынын” башкы директору Кыргызстандагы орус тили жана адабияты мугалимдери үчүн сынак уюштуруу планы менен тааныштырды. “Кесипке карай менин жолум” темасындагы сынак 1-декабрдан 2020-жылдын 31-мартына чейин өтөрү болжолдонууда.

Сынак эки этап менен уюштурулат: биринчи этапта катышуучулар эссенин негизинде тандалып алынат. Экинчи баскычка өткөн 30 мугалим орус тили сабагын өтүү методикасы боюнча жеке көз карашын чагылдырган видео-роликтерди даярдашы керек болот.

Сынактын жыйынтыгы менен тандалып алынган эң мыкты он мугалим 2020-жылы Москвага жолдомо-сертификаттарына ээ болот.

Конкурс 2020-жылы Кыргызстан менен Орусияда жарыяланган эки өлкөнүн кызматташуу жылынын алкагында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM