Биз менен байланышыңыз

Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 607 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары келди. Аба ырайына байланыштуу анын учагы Бишкекке белгиленген сааттан бир жарым саат кечигип конду. Аны «Манас» Эл аралык аэропортунан өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Учурда өлкө башчылары “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине гүл коюуу үчүн багыт алганы айтылууда.

Бул Токаевдин президент катары Кыргызстанга алгачкы мамлекеттик иш сапары болууда.

Казак өлкө башчысынын бул визити президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен болуп жатат.

Иш сапардын алкагында актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, кыргыз-казак кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюларын президенттик аппараттан билдиришкен.

Визиттин алкагында чек ара, транспорт, миграция, саламаттыктык сактоо жана башка бир катар тармакка байланыштуу документтерге кол коюларын айтылды.

Андан тышкары, Бешинчи кыргыз-казак мамлекеттер аралык кеңеши өтөт. Бул акыркы беш жыл аралыгындагы биринчи саммит. Анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлат.

Кечээ эки өлкөнүн президенттери — президент Жээнбеков менен Токаев телефон аркылуу сүйлөшүп, Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик визити, ошондой эле 28-ноябрда Бишкекте боло турган ЖККУнун Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин кезектеги отуруму тууралуу пикир алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM