Биз менен байланышыңыз

ОСАГО полисинин баасы эмнеден көз каранды?

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Ноя 2019 | 494 | 0

ОСАГО камсыздандыруу полисинин баасы унаанын түрүнөн (жеңил, жүк ташуучу) жана айдоочунун тажрыйбасынан көз каранды. Бул тууралуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын камсыздандырууну өнүктүрүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Адилет Сыргатаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди:

-Бул жерде унаанын чыккан жылы эске алынбайт. Трансорт каражатынын салмагы, кыймылдаткычынын көлөмү эске алынат. Жеңил автоунааларга минималдуу төлөм, тагыраагы, 1680 сом көрсөтүлгөн. Ал 30 күн ичинде төлөнүп берилет, — дейт Сыргатаев.

Маалыматка ылайык, төлөмдөр физикалык жактарга 300 миң сомго чейин, ал эми мүлккө келтирилген зыян боюнча 150 миң сомго чейин каралган.

-Камсыздандыруу компанияларынын финансылык отчётун карап, төлөө жөндөмдүүлүгүн көзөмөлдөп турабыз. 17 камсыздандыруучу компаниянын баары нормаларга жооп берет. Алардын иши толугу менен көзөмөлдөнөт, — дейт Сыргатаев.

Белгилей кетсек, өлкөдө жалпы 17 камсыздандыруучу компания бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM