Биз менен байланышыңыз

Өкмөт камсыздандыруу полисин дагы кечеңдетүүнү сунуштады

Коом | 7 Янв 2019 | 820 | 0

Кыргызстанда ОСАГО полисин албаганы үчүн салынчу айып пулду 2019-жылдын 7-августуна чейин жылдыра туруу сунушталды.

Кыргызстанда ОСАГО полисин албаганы үчүн салынчу айып пулду 2019-жылдын 7-августуна чейин жылдыра туруу сунушталды. Өкмөттүн токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын аткаруу кеңешинин мүчөсү Нурлан Байбосунов билдирди.

— 7-февралдан тарта «Автокаражаттардын ээлеринин жарандык-укук жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндөгү» мыйзам күчүнө кирет. «Эреже бузуу жөнүндөгү» кодекске ылайык, 2019-жылдын 1-январынан тарта полиси жокторго экинчи категориядагы айып салынат. Бирок финансылык көзөмөл кызматы 7-февралдан тарта башка мамлекеттин автоунаалары Кыргызстанга киргенде полиси жок болсо, айып салууну сунуштаган.

Андыктан Кыргызстанда катталган автоунаалардын ээлери өздөрүнө туура келген камсыздандыруу компаниясын тандап, ОСАГО полисин алууга мүмкүнчүлүгү болот.

7-августтан тарта полистин жоктугу үчүн жеке адамдар үч миң сомго, юридикалык тараптар 13 миң сомго айыппулга жыгылат.

Ал эми автоунааларды камсыздандыруунун өлчөмүн өкмөт азырынча беките элек. Бирок Финансылык көзөмөл кызматы өкмөткө сунуштаган эң төмөнкү өлчөм 1680 сомду түзөт.

Камсыздандыруу компаниялары автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу аркылуу андагы жүргүнчү менен айдоочунун коопсуздугу камсыздаларын билдиришүүдө.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик кымсыздандыруу компаниясы жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Аталган компаниянын камсыздандырууну өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бурул Калматова айдоочулар милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алышы керектигин белгиледи.

ОСАГО тутуму айдоочуларды жол эрежелерин сактап жүрүүгө өбөлгө болот. Жабырлануучу тарапка компенсация төлөнбөй калбашы үчүн төлөмдөрдүн кепилдик фондусу түзүлөт. Ага камсыздандыруу уюмдары туруктуу негизде каражат чегерип турат. Биздин компаниялар жер-жерлерди кыдырып, кызматкерлерибизди окутуудан өткөрдүк. Элге түшүндүрүү иштерин алып барууда.

Кыргызстанда 16 компания камсыздандыруу ишмердиги менен алектенет. Алардын сегизи автоунааларды камсыздоого даяр.

Мыйзамдын ишке кириши менен бардык тараптар жол кырсыгынын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу кепилдигине ээ болот. Мындан тышкары, мүлктү калыбына келтирүүгө жана дарыланууга кеткен чыгымдан корголуп, компенсация ала алышмакчы.

Компания жол кырсыгынан жабыркап, майыптык алган жарандарга жана жаш балдарга 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин төлөп берет. Ал эми жабырлануучу жеңил жарат алып, ага медициналык жардам көрсөтүлсө, анын 100 миң сомго чейинки кетирген чыгымы камсыздандыруу уюму тарабынан кайтарылат.

Буга чейин мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтү жылдырылган. Бул жолу болсо камсыздандыруу полисин албаган айдоочуларга айыппулду салуу мөөнөттү узартылып жатат. Мындан улам Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөт элге жеткиликтүү маалымат бербегендиктен мөөнөтүн жылдырып жатканын сынга алды.

-Түшүндүрүү иштери чындыгында жакшы болгон жок. Ошондуктан өкмөт мөөнөттүн жылдырууда. Ал эми камсыздандыруу компаниялары иштөөгө даяр.

Мыйзам кабыл алынгандан бери эле аны ишке ашыруунун оош-кыйыштары адистер менен айдоочулар арасында кызуу талкууга алынган. Мындан улам Бишкек шаарынын айдоочуларынын аталган демилге боюнча пикирлерин угуп көрүп, көпчүлүгү каршы экени маалым болду.

Эскерте кетсек, «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө»  мыйзам 2015-жылы 24-июлда кабыл алынган. Расмий жарыяланган күндөн 6 ай өткөндөн кийин 2016-жылдын 7-февралында күчүнө кирмек.

Бирок 2016-жылдын 2-августунда Жогорку Кеңеш депутаттарынын демилгеси менен мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2019-жылдын 7-февралына чейин узартылган.

Белгилеп кетчү жагдай, Кыргызстан ЕАЭБ жана КМШ ичинде автожарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруусу жок жалгыз мамлекет болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM