Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 25-ноябрда кээ бир райондордо кар жаайт

Кыска кабар | 24 Ноя 2019 | 595 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 25-ноябрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: -2….-7… күндүз: 0…..-5 C;

Талас облусунда

түнкүсүн: -5…..-10….күндүз: -2…..-7°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: -1……-6….күндүз: -4…..1°C

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: -4…..-9….күндүз: -1……-6°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: -6….-11…..күндүз: 0…..-5°C;

25-ноябрда Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4……-6 C, күндүзү 0..…-2°C.

Copyright © 2017 Maral FM